• 88.68
  • 95
  • 0.95

БУУӨП Кыргызстанда билим берүү жаатындагы демилгелерди колдоого даяр

Билим 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева баштаган БУУӨПтүн делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министр алгач БУУнун өнүктүрүү программасына билим берүү тармагын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Догдуркүл Кендирбаева "Алтын казык" билим берүүнү трансформациялоо программасынын багыттары, тактап айтканда, адамдык өнүгүү, “жашыл” экономика, климаттын өзгөрүшү, инновациялык педагогикалык технологиялар борборлорун түзүү идеясы жөнүндө айтып берди.

БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева Билим берүү жана илим министрлигинин демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий