• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри Түркиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек. 22.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянынын элчиси Ахмет Садык Доган жана Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эренди менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Түркия менен билим берүү тармагындагы кызматташтыктын бекемделиши маанилүү экендигин белгилеп, Кыргызстандын мектеп мугалимдеринин (STEAМ боюнча) кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча Түркияда 2 (эки) апталык окутуу курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле министр Түркиянын STEAМ боюнча китептерин кыргызчага которуп, Кыргызстанга ылайыкташтырып чыгаруу маселесин айтты.

Элчилик жана ЧӨТТКБ министрликтин сунуштары колдоо таба тургандыгын билдирди. Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эренди Түркия стипендиялар программасы тууралуу айтып, 2024-2025-окуу жылына Кыргызстанга Түркия стипендиялар программасынан тышкары ЖРТдан жогорку балл алгандарга 50 гранттык орун бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар билим берүү жаатындагы биргелешкен аракеттер натыйжалуу боло тургандыгына жана мындан ары кызматташууну илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий