• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУда Scopus изилдөө ресурстук борбору ишин баштады

Билим 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Scopus Research Hub” ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордо Scopus эл аралык маалыматтар базасынан авторлорду, макалаларды жана журналдарды издөө, маалыматттарды алуу сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт. Анда атайын адистер иштешет.

ОшМунун “Scopus Research Hub” ресурстук борборунун кызматынан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы ЖОЖдордун окутуучулары пайдалана алышат.

Борбордун ачылуу аземине “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин баштаган өкүлдөр, Informascope компаниясынын директору Чинар Киванч, ректор Кудайберди Кожобеков жана түштүк регионундагы ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Иш-чаранын алкагында Scopus эл аралык маалыматтар базасын пайдалануу боюнча презентация жасалды.

Пикир

Оставить комментарий