• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө - Өмүров

Билим 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Быйылкы жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, процессти уюштуруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.

“Абитуриент Online” системасы айкын убакыт режиминде кабыл алуу процессине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, рейтингдеги ордун карап туруу билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясынын сынактын жыйынтыктарына таасир этүүсүн минималдаштырат жана абитуриентке тандоосу боюнча кайсы болбосун билим берүү уюмуна кайрылууга мүмкүндүк берет. Онлайн-режиминде кабыл алуу пандемия шарттарында биринчи кезекте болочок студенттердин коопсуздугун камсыздайт жана университеттерде адамдардын массалык чогулуусун алдын алат”, - деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Өмүров кошумчалагандай, www.2020.edu.gov.kg сайтында Кыргызстандын бардык окуу жайлары, факультеттер жана адистиктер жайгаштырылган.

Сайт боюнча 2020-жылдын 1-июлунан баштап 5-августуна чейинки мезгилдеги статистика:
• 8 305 376 баракчаны карашты
• 1 241 002 сеанс (кирүү/чыгуу)
• 150 113 колдонуучу

Колдонулган каражаттар:
• Мобилдик телефон аркылуу – 77%
• Персоналдык компьютерлер аркылуу – 23%

Пикир

Оставить комментарий