• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

ЖОЖдорго тандоонун I турунда 26 миңден ашуун абитуриенттин арызы катталды

Билим 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Бүгүн жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 1-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 17-июль саат 08:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин созулган биринчи турда 26 миң 546 арыз катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, абитуриенттердин эң көп талонун Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (3838), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (3690) жана Ош мамлекеттик университети (3352) алды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий