• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Маданият министри Кытайдын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 19-июлда Бишкекте өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө эки тараптын умтулуусун белгилешти.

Тараптар ошондой эле Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдеринин маданият жана искусство жылынын алкагында маданий иш-чараларды уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий