• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри "Керме-Тоо" аймагынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүп, таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэр тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Урицкая, Краснофлотская, МЖК-1-2, Ш.Руставелли, Гастелло, Р.Абдыкадыров көчөлөрүн, Анар, Төлөйкөн, Кулатов, Черемушки кичи райондорун кыдырып чыгышты.

Аны менен катар Ноокат – Кадамжай – Кызыл-Кыя багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн өз алдынча унаа токтотуучу жайларды уюштурган жерге барып жашоочулар менен да жолукту.

Мында тургундар аймактарга каттаган таксилер жол кыймылына, жашоочуларга тоскоолдуктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратып жатышкандыгын айтышты. Анын негизинде атайын кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине тиешелүү иш аракеттерди алып баруу, аймакты иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары, аталган аймактын жашоочулары, спорт аянтчаларын куруу, ички жолдорду асфальттоо жана ирригациялык тутумдарды, тротуарларды иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты.

Мындай жолугушуулар шаардын баардык аймактарында уланат. Кайрылган жарандардын арыздары жеринен каралат.

Пикир

Оставить комментарий