• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бостериде 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Тергөө-ыкчам тобу түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында 23 жаштагы Талас облусунун жашоочусунун өлүмүн аныктоо боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, каза тапкан жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда экспертизанын расмий корутундусу чыга элек.

Такталгандай, аталган ыкчам-тергөө тобунун курамына облустук милициянын борбордук аппаратынын тергөө жана ыкчам кызматтарында көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлери кирди. Алар тараптан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында болгон окуянын башка күбөлөрүн аныктоо, ошондой эле аларды сурамжылоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда облустук жана райондук милиция тарабынан бул окуяны толук жана ар тараптуу текшерүү үчүн бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшү ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 6-августтун таңында аталган пансионатта Талас облусунун тургуну 23 жаштагы А.Б. каза болгону тууралуу маалымат тараган. Анын агасынын айтымында, инисин балдар уруп өлтүрүп коюшкан.

Бирок, милиция каза болгон жарандын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси жок экенин маалымдаган.

Резонанстуу окуядан кийин бул ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий