• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Маданият министрлиги ПисНексус фонду менен кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалыматтык, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана ПисНексус фондунун директорунун орун басары Питер Кросс менен эки уюмдун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Бул демилге этностор аралык мамилелер жана КР президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашырууга багытталган. Жолугушуунун алкагында тараптар маселелердин актуалдуулугун белгилешип жана жемиштүү кызматташууга үмүт артышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий