• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусундагы сел жүргөн айылдарда тазалоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна сел жүргөн айылдарда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери ӨКМден 22 бирдик техника, анын ичинен 15 инженердик техникасы жана 2 мотопомпа тартылган.

"Кыян өткөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоого жалпысынан 322 адам тартылды. Анын ичинде 100гө жакын куткаруучу, Жарандык коргонуу тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бар", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө карата 57 турак үйдүн, 1 мектеп жана 1 бала бакчанын короо-жайлары, жертөлөлөр тазаланды.

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери Каркыра айыл аймагынын кооптуу тилкелеринде изилдөө иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, бир-эки күн мурун нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл облусунда бир катар айылдарда сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий