• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй жана Талас облустарынын айыл өкмөттөрү Ысык-Көлдөгү кесиптештери менен тажрыйба алмашты

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10-11-апрель күндөрү Чүй жана Талас облустарынын айыл өкмөттөрү Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл, Түп жана Жети-Өгүз райондорунун айрым айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен таанышышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын ЖӨБ бирикмеси тарабынан, Швейцария өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбооруна катышкан Талас облусунан 4 районунун жана Чүй облусунан 3 районунун айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөрүлдү.

Тажрыйба алмашуу Ысык-Көл облусунун айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү кызматтарды уюштуруу жана туруктуулугу боюнча ишке ашкан мыкты долбоорлор менен таанышуу жана алардын тажрыйбасын үйрөнүү ирээтинде болуп, айыл өкмөт башчылары ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу суроо-жоопторду берүү менен эркин форматта пикир алышуу болду.

Катышуучулар төмөндөгү мыкты тажрыйбалар менен таанышышты:

-Карай-Ой айыл аймагындагы «Айыл Келечеги» бала бакчасына саркынды сууларды тазалоочу жай куруу тажрыйбасы;
-Кум-Бел айыл аймагындагы калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоору;
-Ысык-Көл (Михайловка) айыл аймагындагы дене-тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү» кызматын уюштуруу жана «Фитнес спорт залы» менен таанышуу;
-Кызыл-Суу айыл өкмөтүндөгү катуу тиричилик калдыктарды чогултууну, муниципалитеттер аралык кызматташуу тажрыйбасы менен таанышуу;
-Жаргылчак айыл өкмөтүндөгү “Бирдиктүү терезе” долбоору менен таанышуу;
-Барскоон айыл өкмөтүндө муниципалдык менчикти башкаруу менен мектепке чейинки билим берʏʏ кызматын жакшыртууга шарт тʏзʏʏ долбоору менен таанышуу.

Иш-чарага ЖӨБ Союзунун кызматкерлери, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын башчысы жана долбоордун өкүлү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий