• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 4 миңге жакын жаранды тейлей турган жаңы ФАП пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кара-Булак айыл аймагында 4 миңге жакын жаранды тейлей турган жаңы Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов бүгүнкү кырдаалда саламаттык сактоо мекемесинин ишке берилиши, кооптуу илдет менен күрөшүүдө зор өбөлгө болоорун айтып, өзгөчө пандемиянын шартында дарыгерлердин жетиштүү шартта иштөөсү жана элге медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

“Замандын талабына жараша бардык шарты бар имарат курулуп, айылдыктардын негизги муктаждыгы чечилди. Аталган айылдын атуулу демөөрчүлүк кылып, ФАП кычкылтек концентратору менен да камсыз болду. Район борборунан 14 чакырым алыста жайгашкан бул мекеме 4 миңге жакын калкты тейлейт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджетттен да 350 миң сом каражат жумшалган. Ошондой эле Абдрахмановдун тапшырмасына ылайык, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө коронавирус илдети менен ооруган бейтаптарды дарылаган дарыгерлер үчүн таза абада обсервация орундары даярдалды.

Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы “Алтын-Бешик” балдар лагеринин базасында уюштурулган обсервация менен таанышты. Учурда бул жайда кооптуу зонада эмгектенген дарыгерлер жайгаштырылган. Ыйгарым укуктуу өкүл дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, “ар бир бейтаптын айыккан учурлары, дарыгердин баа жеткис эмгеги” деп белгилеп, ар бирине резервдик фондунан 5 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий