• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар кесипке багыт берүү сабагын окууда

Аймак 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептерде 8-9-класста билим алып жаткан окуучуларга туура кесиптик багыт берүү максатында, кошумча сааттар окутулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынаан билдиришти.

Анда шаардагы №1 жана 9-мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына өткөн жылдын сентябрь айынан тарта кесипке багыт берүү предмети киргизген. Ага мектептерде бекитилген атайын мугалимдер, шаардын эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте сабак өтүшүүдө. Мында ар бир баланын кызыгуусу жана кесипке болгон жөндөмүн аныктоо аракеттери көрүлөт.

Бүгүн бул багытка арналган атайын тегерек стол өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардын эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана окуу жайлардын кызматкерлери катышты. Жыйында жаштардын кесипти туура тандоодо жаралган маселелери боюнча талкуу жүрүп, келечекте өнөктөштөрдүн кызматташтык багыттарын боюнча меморандумга кол коюлду.

Жаштарды кесипке туура багыт берүүгө арналган пилоттук долбоорго шаардагы эки мектеп тандалып алынган. Анда Германия эл аралык кызматташтык уюму тарабынан атайын окуудан өткөрүлгөн мугалимдер билим беришет. Бул демилге бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосуна гана жардам бербестен, учур талабына керектүү адистердин даярдалышын шарттаары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий