• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде жаңы окуу жылына карата 5 мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Баткен облусунда 2023-2024-жаңы окуу жылына карата беш типтүү мектеп, эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет. Бүгүн президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билим берүү мекемелеринен кабар алган.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы мектептердин курулушунун сапатын, айлана чөйрөсүн иретке келтирүү, көрктөндүрүү, окуу эмеректер менен камсыздоо, таза суу, сугат суу, электр энергиясына туташтыруу иштерин текшерди.

Ошондой эле билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо боюнча түзүлгөн штабдын мүчөлөрүнө мектептерди 25-августка толугу менен даярдоо боюнча тапшырма койду.

Жаңы окуу жылына карата төмөнкү мектептер пайдаланууга берилет:

- Баткен районунун, Орто -Боз айылындагы “Ж.Момунов” орто мектеби;
-Кыштут айылындагы “Кыштут” орто мектеби;
-Кара-Бак айылындагы “Бото Нарматов” орто мектебинин кошумча имараты;
-Кызыл-Бел айылындагы “Масалиев” орто мектебинин кошумча имараты;
-Достук айылындагы “Достук” орто мектеби;
-Көк-Таш айылындагы “Көк-Таш” башталгыч мектеби.

Мындан сырткары, Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

Аны менен катар жаңы окуу жылынын башталышы менен үч балдар бакчасы пайдаланууга берилет. Алар: Баткен районунун Көк-Таш айылында “Учкун”, Ак-сай айылындагы “Эделвейс” жана Достук айылындагы “Бөбөктай” балдар бакчалары.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.

Пикир

Оставить комментарий