• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарына саатына 80 тонна асфальт чыгаруучу завод курулууда

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына 1,5 гектар жер аянтына жаңы асфальт-бетон чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган завод курулуп бүтсө саатына 80 тонна асфальт-бетон чыгарылат.

Учурда заводдун орду даярдалып, жабдыктары алынып келинди. Адистердин белгилөөсүндө жакынкы күндөрү заводду куруу жумуштары жүргүзүлүп, ушул жылдын сентябрь айында ишке киргизилет. Асфальт-бетон заводунун жанына атайын таш талкалоочу (драбилка) жабдык да орнотулат.

Завод республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен каржыланууда. Ага 53 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал ишке кирсе 20дай адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын асфальт-бетон заводунун эскилиги жетип, жолдорго асфальт төшөө, тротуар куруу жана жамап-жасоо иштеринде бир топ түйшүк жаралып келген.

Пикир

Оставить комментарий