• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия жаштар форуму расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” комплексинде Борбор Азия жаштар форуму расмий ачылды. Иш-чара кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун башталышында Манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланды.

Форумдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара алты панелдик сессия менен өтөт.

Борбор Азия жаштар форумунун расмий ачылышында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР улуттук академиясынын академиги Осмонакун Ибраимов, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин өкүлү Алмагуль Кутанова, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам паалатасынын алдындагы Парламенттик изилдоо институтунун өкүлү, жаштар парламентинин төрайымы Шахноза Жолдасовалар сөз сүйлөдү.

Форум 12-августта өз ишин жыйынтыктайт.

Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген форум дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка зор таасир тийгизген кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана калтырып кеткен мурасына арналып, ал өзгөчө орун ээлеген окуя болуп калмакчы.

Иш-чаранын максаты – жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий