• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук унаалар текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан дем алыш күндөрү автобекеттерде жана жолдордо профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Атап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканалардын жетекчилери менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар менен жолугуп, жол эрежелеринин коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

"Иш-чаралардын максаты жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда болгон жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, айдоочулар тарабынан бардык лицензиялык талаптардын сактоо, алардын эмгек жана эс алуу режимине көзөмөл жүргүзүү, каттамга чыгуу учурунда сөзсүз нарколог бөлүмүнөн өтүүсү, техникалык кароодон өтүүсүн текшерүүгө алуу жана жалпы жол эрежелерин сакталышын көзөмөлдөө болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий