• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлиги мамлекеттик нотариустарды ротациялоону баштады

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Юстиция министрлиги мамлекеттик нотариустарды ротациялоону баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жарандык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу жана коррупциянын опурталын азайтуу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобонун 8, 9 жана 18-пункттарына ылайык, ошондой эле Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеште 2020-жылы 3-сентябрда бекитилген №23 КР Юстиция министрлигиндеги коррупциянын опурталы бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин эске алып, министрликтин буйругу менен Юстиция министрлигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларын ротациялоонун 2021-жылга карата планы бекитилген.

Бул Планда республика боюнча мамлекеттик нотариустарды ротациялоо каралган. Мамлекеттик нотариустун кызмат орду коррупциялык опурталы көп башка кызмат орундар менен бирге эле Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин токтому менен бекитилген КР Юстиция министрлигиндеги коррупциянын опурталы бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесине киргизилген.

Жогоруда айтылган Ротациялоо планын ишке ашыруу үчүн Юстиция министрлиги 2021-жылдын 29-июлунда мамлекеттик нотариустарды ротациялоо жөнүндө буйрук чыгарды.

Бүгүнкү күндө республика боюнча мамлекеттик нотариустардын штаттык саны 79 адам. Министрлик мамлекеттик нотариустардын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө маселени иштеп чыккан. Азыр мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык процедуралык учурлар боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Кошумча штаттык бирдиктер республика (же калктуу конуш) боюнча элдин жыштыгына жана мамлекеттик нотариустардын ишинин көптүгүнө жараша бөлүштүрүлгөн.

Республика боюнча баардыгы болуп 54 нотариустук контора бар, анын ичинен:

- Бишкек шаарында - 4,

- Ош облусунда – 8,

- Чүй облусунда – 8,

- Талас облусунда – 4,

- Нарын облусунда – 5,

- Баткен облусунда – 5,

- Жалал-Абад облусунда – 13,

- Ысык-Көл облусунда – 7.

Пикир

Оставить комментарий