• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынды

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жана Ахунбаев менен Тагай-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган 3 контейнер алынды.

Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги вагон да муниципалдык жерден демонтаждалды. Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде гезит сатуучу дүкөн, ал эми Абдрахманов көчөсүндө №135 үйдүн жанында "Максат" турфирмасынын жарнама тактасы алынып салынды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Коперник менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 9 темир гараж шаар тургундары тарабынан демонтаждалды.

Жал-23 кичи районунда №79 жана №202 үйлөрдүн ортосунда гараж жана Лада унаасы алынды. "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун II фазасы боюнча жолдорду реконструкциялоонун алкагында, Ташкент көчөсүнүн боюндагы капиталдык тосмо демонтаждалды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Садырбаев жана Күйүков көчөлөрүнүн кесилишиндеги тосмо шаар тургундарынын өз ыктыяры менен алынып, 49 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий