• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Конституциялык палатанын төрагасы Түркиянын КС 55-жылдыгына арналган конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров 2017-жылы 25-28-апрель аралгында Анкара шаарында “Конституциялык соттор негизги укукту коргоочулар катары” аталышындагы эл аралык конференцияга катышууда, ал Түркиянын Конституциялык сотунун 55 жылдыгына арналган. Бул тууралуу Конституциялык палатанын басма сөз катчысы Назгүл Нурбекова билдирди.

Конференциянын иши эки секциондук жыйындын: “Коргоо эана эркиндиктин ортосундагы конституциялык соттордун ролу” жана “Өзгөчө абалдын шарттарында негизги укукту коргоодо конституциялык соттордун ролу”, андан тышкары “Конституциялык соттордун мыйзам чыгаруу, аткаруу жана башка соттук органдар менен өз ара аракети” аттуу тегерек столдун алкагында өтүүдө.

Конференциянын алкагында Конституциялык палатанын төрагасы тематикалык доклад окуйт, анда жарандардын негизги укуктарын коргоо жана сактоо боюнча Конституциялык палатанын практикасы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий