• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ысык-Ата районунда санариптик телеберүү менен камсыздоо жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун санариптик телеберүү менен камтылбаган айылдарынын жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу кечээ өткөн. анда Үч-Эмчек, Нооруз, Алмалуу, Тогуз-Булак, Карагай-Булак, Таш-Башат, Горная Серафимовка, Жогорку Ичке-Суу жана Ичке-Суу айылдарынын жашоочуларына маалымат берилди.

Жолугушууда маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова жана "РПО РМТР" ААК техникалык адистери калкка санариптик берүүгө кандай кошулуу керектигин түшүндүрүп, иш жүзүндө көрсөтүп да беришти.

Белгилей кетсек, республикага санариптик автоматтык телеберүү рестрансляторлорунун биринчи 9 даана партиясы келген, алардын жарымы Чүй облусунун айылдарында орнотулат.

Санариптик телеберүүнү кошконго чейин аналогдук берүү бул айылдарда өчүрүлбөйт.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундарга Евталсат 70 спутниги аркылуу көрсө боло турган телеканалдардын Социалдык пакетин көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий