• 88.68
  • 95
  • 0.95

Узгидромет июлдун аягына чейин Фергана өрөөнүндө сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын Кыргызстан менен чектешкен тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзбекстандын Гидрометеорологиялык кызматы кабарлады.

Мекеме тоо этектеринде жашаган тургундарды сактык чараларын көрүүгө жана өзгөчө кырдаал жаралганда ӨКМге телефон чалууга чакырды.

13-июлда Наманган облусунун Касансай районундагы селден тогуз киши каза болуп, алтоо жаракат алганы кабарланган.

Ал жаратылыш кырсыгына Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы нөшөр жаан себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий