• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан Украинадагы жарандарын эвакуациялоону аяктады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Казакстандын Украинадагы элчилиги бул өлкөдөгү казак жарандарын эвакуациялоо иши аяктаганын билдирди.

29-март күнү кечинде Польшанын Катовица шаарынан Алматыга дагы 53 жаран келди. Бул 1-марттан бери казак бийлиги уюштурган жетинчи жана акыркы эвакуациялык каттамы болуп калды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Украинадагаы окуялар башталгандан бери ал жактан жалпысынан 900 казак жараны эвакуацияланып, алардын 743ү мекенине жеткирилди.

"Бүгүнкү күнгө карата атайын уюштурулган каттамдар менен жарандарды эвакуациялоо иши аяктады. Курчоодо калган калктуу конуштардагы жана Украинадан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын кайрылуулары индивидуалдык негизде каралат", - деп жазылган Украинадагы казак элчилигинин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий