• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан күзүндө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгара баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Өзбекстан күздөн тартып өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгара баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Назокат Абдукундузова билдирди.

Өлкө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратты словакиялык «Chirana» компаниясы жана россиялык адистер менен биргеликте жасайт.

"Ушул тапта прототип, башкача айтканда аппараттын үлгүсү пайда болду. Тиешелүү сыноолор жана текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин өндүрүш күзүндө башталат", – деди Абдукундузова.

Өпкөнү сезгендирүүчү коронавирус инфекциясына байланыштуу дүйнөдөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле Өзбекстанда да жасалма дем алдыруучу аппраттарга суроо-талап кескин түрдө өстү.

Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 2000ге чукулдады, алардын жарымы сакайып, 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий