• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандан Бишкекке гуманитардык жардам келди

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-апрель күнү Казакстандан Кыргызстанга ун түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы келди.

Бишкекке темир жол аркылуу 12 вагондо 800 тонна ун келген.

Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга жалпы суммасы 3 млн доллардан ашык каражатка 5 миң тоннадан ун берүүдө.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Казакстан көрсөткөн жардамды кыргыз тарап жогорку бааларын жана боордош казак элине ыраазычылык билдирерин айтты.

Казакстандан келген гуманитардык жардам өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасына түшүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий