• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлигинин жамааты Баткенге 3 млн сомдон ашуун каражат которду

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эмгек жамааты жана бардык тармактык бөлүмдөрү (борбордук аппарат, улуттук маданий борбор, музей, китепкана, окуу жайлар, медиа борборлор, театр оюн-зоок мекемелери, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрү, маданият үйлөрү, спорт , кино) Баткен облусунун чек ара аймактарында болуп өткөн окуяларда жабыркаган жарандарга жардам иретинде бир күндүк маянасын которду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпы сумма 3 млн 846 миң 500 сомду түздү.

"Мындай чечим учурдагы Баткен облусундагы жаралган кырдаалда кыргыз элинин биригип, бири-бирине жардам көрсөтүп, ынтымактын сактоо жана бекемдөөдө максатында кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий