• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги түз кайрылуу үчүн “WhatsApp” каналын ачты

Коом 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги түз байланыш үчүнWhatsApp” каналын ишке киргизди,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул кызмат менен бардык жарандар колдонсо болот. Ал үчүн 0700 744 748 телефон номери иштейт.

Жарандар билим берүү тармагындагы иштери, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, нааразычылыктар же ишти жакшыртуу багытында сунуштар жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга карата сунуштарын, каалоолорун калтырса болот.

Бул каналды билим берүү системасындагы бардык кызматкерлер колдонсо болот.

Келген каттарга бериле турган жооптор министрдин жеке көзөмөлүндө болот.

Ведомствонун билдиришинче, бир дагы кайрылуу жоопсуз калбайт.

Пикир

Оставить комментарий