• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: "Рух Ордо" борбору мамлекеттин балансына өтүп, бюджетке 537 млн сом кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. “Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында 2023-жылдын 21-ноябрында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан С.А.Б. аттуу КР жараны кармалган.

"2023-жылдын 18-декабрында С.А.Б. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух Ордо" туристтик-экскурсиялык борборун мамлекеттин балансына өткөрүп, республикалык бюджетке 537 млн сом кайтарды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий