• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Кувейттин эмири дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри шейх Салем Абдулла Аль-Джабер Аль Сабахка Кувейт Мамлекетинин эмири шейх Наваф Аль-Ахмед Аль-Жабер Аль Сабахтын мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көңүл айтуу телеграммасында маркум шейх Наваф Аль Сабахтын өмүр жолу адамдарга жардам берүүгө багытталганы белгиленип, буга "Кувейттин кайрымдуулук багытында жасаган иштери анык далил»" болоору айтылган.

Тышкы саясат мекемесинин башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн тилектештик жана колдоо сөздөрүн да жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий