• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанга Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы маалымдагандай, парк Илхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылат.

Аталган сейил бак Бишкек шаарынын түштүк тарабында курулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 га аянтты ээлейт. Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий