• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкуна Бишкек мэриясы ыраазычылык билдирди

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкуна Бишкек шаардык мэриясы ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү эл ташыган кичи автобустардын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, каттамга чыгышкан эмес. "Бул учурда ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунан жардам иретинде автобустар бөлүнүп, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шаардын тургундарын акысыз ташууга көмөктөшкөн",-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 2-август күнү борбордун жашоочуларын жана меймандарын акысыз ташууда көмөк көргөзгөн жардамы үчүн полктун айдоочу-кызматкерлерин Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Б.Кудайбергеновдун атынан Бишкек шаарынын вице-мэри Акылбеков Руслан Акылбекович куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий