• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү сел. 342 турак үй жабыркап, 2 үй жараксыз абалга келген

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдын, селдин жана дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында 342 турак үй жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен 67 турак жайдын ичине сел агындылары толуп, 2 турак үй авариялык абалга, 2 турак үй жашоого жараксыз абалга келген, ички чарбалык арыктарды, ички чарбалык жолдорду кум шагылдарга толтурган.

"Учурда облуста электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Электр мамычалары калыбына келтирилип, 19 турак үйгө электр энергиясы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облусу боюнча селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 27 техника тартылган.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 30-июль күнү катуу жааган жандын кесепетинен Ысык Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында сел жүрүп, турак үйлөр, ички чарбалык унаа жолдор, эгин талаалар, суугат каналдар жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий