• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде уникалдуу “Дугаба” туристтик базасы ачылды. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы расмий ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган базаны жаңылоого Дүйнөлүк банк жана Глобалдык Экологиялык фонд дээрлик 34 млн сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөн.

Дугабада жергиликтүү коноктор жана туристтер үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мында жалпы 84 орун бар. Эс алуу базасынын жалпы аянты 40 гектарды түзөт.

Базанын ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов жетектеген делегация катышты.

Белгилей кетсек, “Дугаба” эс алуу комплекси 1997-жылы негизделген. Ал Кадамжай шаарынан 31 чакырым алыста жайгашкан.

Дугаба туристтик базасына коңшу Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу өтөт.

“Дугаба” капчыгайы – альпинизмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу чокулары, уникалдуу пейзажы жана туристтер үчүн жагымдуу шарттары менен өзгөчөлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий