• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу борбордук стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондогу отургучтардын үстүн жабуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов отургучтардын үстүн жабуу үчүн чатырчаларды куруу долбоору менен таанышып, жумуштун башталуусуна старт берди.

Калаа башчысы шаар тургундары жана спорт сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, отургучтардын жаандан жана күн нурунан күйүп, сынып, талкалануусунун алдын алуу максатында жасалып жаткан бул долбоор сапаттуу болушу керектигин билдирди.

Долбоордун алкагында стадиондун кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандус, тепкичтерди куруу, имаратка желдетүү системасын орнотуу каралган.

Курулуш жумуштарын кийинки жылга бүткөрүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий