• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 30.10.22./Кабар/. 29-октябрда Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү расмий жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданят, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ага маданят, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Казакстандын маданият жана спорт вице- министри Нуркиса Дауешов катышты.

Анда Нуркиса Дауешов Кыргызстан тарабынан даярдалган бардык программалар жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, ар бир чыгармачылык жамаатка ыраазычылык билдирди.

Ал эми Алтынбек Максутов Кыргызсандын маданият күндөрүн өткөрүүдө түзүлгөн шарттар жана жогорку деңгээлде тосуп алууну уюштурган Казакстандын маданият жана спорт министрлигине ыраазычылык билдирди.

Андан соң, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улутук академиялык драма театры тарабынан “Саманчынын жолу” спектакли жабылуу аземине келген меймандарга тартууланды.

Спекталди жогорку чеберчиликте ойноп, сахнага алып чыккан театр труппасына чабылган алакандар узакка токтобой, шаң менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий