• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Кечээ, 26-октябрда Казакстандын Улуттук академиялык китепканасында кыргыз-казак чыгармачыл интеллигенциясынын катышуусу менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тегерек стол 26-29-октябрь аралыгында Казакстанда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулду.

Чыгармачыл интелегенциянын мындай форматтагы жолугушуусуна кыргыз тараптан Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын президенти Кайрат Иманалиев, ал эми казак тараптан Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Жазуучулар союзунун төрагасы Улукбек Есдаулеттов модераторлук кылды.

Иш- чарага Казакстандын маданият жана спорт вице- министри Нуркиса Дауешов катышып, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн Астана шаарында өтүшү тарыхый иш- чара экендигин белгилеп, мындай байланыштар эки элдин достугун бекемдеп жана чыгармачылык байланыштарга чоң жол ачат деп белгиледи.

Андан соң эки тараптуу тааныштыруу болуп, манастан үзүндүү угулуп, мындай жолугушууга негиз болуп жаткан КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бейнесине арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, Чыңгыз Төрөкуловичтин жашоосундагы Казакстандын орду, чыгармачылык байланыштары тууралуу маанилүү жана урунттуу учурлар белгиленди.

Жолугушуу учурунда ошондой эле эки тараптын чыгармачыл интелегенция өкүлдөрү алмустактан келе жаткан кыргыз- казак достугу, улуттук адабияттагы, чыгармачылыктагы жана илимдеги байланыштар, сакталып келе жаткан бай мурастар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий