• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 28 касапкананын ишмердүүлүгү токтотулду

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Кыргызстан боюнча мал союучу 100 касапкана Ветеринардык кызматтын расмий каттоосунан өткөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 28и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу ишмердүүлүгү токтотулду.

"Ошондой эле 100 мал союлуучу жайдын ичинен 10у ЕАЭБтин бирдиктүү реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК “Восточно-импортноэкспортная компания”).

Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан мал союучу жайы жок райондорго жана шаарларга мал союучу жай куруу боюнча тапшырма берилип, жыйынтыгы менен 13 жаңы мал союучу жай салынды.

Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Түп, Ысык-Көл, жана Москва райондорунда жаңы салынган мал союучу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүүдө.

Реестрде катталган 100 мал союучу жайдын ичинен:

- 10 - чоң стандарттагы мал союучу жай;
- 63 - чакан мал союучу жай;
- 27 - мал союучу аянтча.

Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 125 500 (жүз жыйырма беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий