• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда "Арчалы" республикалык реабилитациялык борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Аламүдүн районунда жайгашкан "Арчалы" республикалык реабилитациялык борборунун имараты ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана Арчалы айылынын аксакалдары жана тургундары катышты.

"Арчалы" республикалык реабилитациялык борбору калкка медициналык-санитардык, медициналык-реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн түзүлүүдө. Реабилитациялык борбордун үч кабаттуу имараты 6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан жана 50 керебетке ылайыкталган.

Борбордун директору Нурлан Дүйшөналиев борбор түзүлүп, учурда бейтаптарды кабыл алууга даярдык иштери жүрүп жатканын билдирди. Алгач күнүнө 50-60ка жакын адам ар кандай оорулардан сакайып кетүү үчүн керектүү процедураларды ала алат. Оорулуулар жалпы массаж, мануалдык массаж жана ийне терапиясын ала алышат. Бул, албетте, башталышы гана. Убакыттын өтүшү менен тренажерлор кошулуп, инструкторлорду ишке алып, кеңейтүүгө болот деп ойлойм.

"Келечекте борбор үчүн машыгуу жана муун гимнастикасы үчүн залдарды уюштуруу, керектүү көп функционалдуу тренажерлорду, буту-колдун кыймылын калыбына келтирүүчү тренажерду, ийин булчуңдарын механикалоочу комплексти, ошондой эле буттарды механикалоочу комплексти сатып алуу пландаштырылууда. Анда неврологиялык оорулардан жабыркаган, инсульттан кийинки, баш мээ жана омуртка травмаларынан жабыркаган, эндопротез жасаткан бейтаптар машыкса болот", - деп айтылат маалыматта.

Алымкадыр Бейшеналиев айрымкесепети оор оорулардан кийин реабилитациянын маанилүүлүгүн белгиледи. Алдыда Токмок шаарында дагы бир реабилитациялык борбор ачуу планы бар. Имарат мурунтан эле бар, азыр ден соолукту чыңдоо борборун уюштуруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.

"Бардык бейтаптар ден соолукта болот деп ишенем, биз өз кезегибизде алдыга коюлган милдеттерди аткарып, жарандарыбыздын өмүрүн узартууга салым кошобуз деген ниеттемин", - деди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий