• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбек Текебаев Кардиология борборунда текшерүүдөн өтүүдө – ЖАМК

Коом 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Кардиология борборунда текшерүүдөн өтүүдө. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Текебаевдин стационардык дарылануусу Улуттук кардиология жана терапия бөлүмүндө өтүүдө.

Ага “аортанын жана коронардык кан тамырлардын атеросклерозу” диагнозу коюлду, ошондой эле калкан безинде дагы көйгөйлөр бар.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын февраль айында "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн Россиянын жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар акча алган деген шек менен кармалган.

Шаардык сот Текебаевди жана Чотоновду мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Жогорку Сот аталган чечимди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий