• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош жана Шымкент шаарынын ортосунда бир туугандык мамилелер түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.09.23. /Кабар/. Ош шаары менен Шымкент шаарынын ортосунда бир тууган шаар меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземи бүгүн Тараз шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчыларынын жетекчилигинде өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 11-жыйынына жана Кыргызстан менен Казакстандын I аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында өттү. Меморандумга шаар башчылары кол койду.

Меморундумдун максаты кыргыз-казак аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналат.

Иш-чаралардын алкагында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий