• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КТРКнын жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды

Коом 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Жаңы жетекчи үчүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин 13 мүчөсү добуш берди.

Жаңы шайланган жетекчи 19-мартта кызматына киришет.

Белгилей кетсек, бул сынактын финалдык баскычына сегиз адам өткөн. Алардын ичинен Галина Байтерек менен Болотбек Тиллебаев бирден добуш алышты.

Эскерте кетсек, 19-мартта учурдагы КТРКнын директору Илим Карыпбековдун башкы директорлук кызматындагы иш мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу ал кызматка сынак жарыяланып, бүгүн КТРКнын башкы директорун шайлоо болуп өттү.

КТРКнын азыркы директору Илим Карыпбеков да бул сынакка катышып, бирок, өткөн аптада талапкерлигин алып салган. Ал КТРКнын башчылыгына 2015-жылы март айында келген.

КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Пикир

Оставить комментарий