• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонддун сall-борбору январь айында 1,4 миң кайрылууну кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/.2024-жылдын январь айында Социалдык фондунун сall-борборуна (1202 кыска номери аркылуу) 1419 чалуу келип түшкөн.

Соцфонддон билдиришкендей, анын ичинен 894 кирүүчү чалуу жана онлайн-офлайн режиминде веб-сайттагы чат аркылуу 525 чалуу болгон.

Кайрылуулардын көбү пенсияларды чектөө, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге тиешелүү болгон.

Соцфонд мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия маселелери боюнча кесипкөй жардам жана консультацияларды көрсөтөт.

"Call-борборунун квалификациялуу адистери көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялар боюнча кесипкөй жардам көрсөтүүгө жана кеңеш берүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий