• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү карьерде абал көзөмөлгө алынды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү карьерде абал көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда түтүн токтоп, жагымсыз жыт чыкпай калды. Карьерде Октябрь райондук администрациясынын, ӨКМ райондук башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери нөөмөттө туруп, чоң атайын техникалар, бульдозер тартылды.

Белгилей кетсек, түтүндүн пайда болушунун себеби 10-15 жылдан бери өндүрүш таштандыларынын ташталганы болгон.

“Түтүндүн очогун, себептери табуу жана өчүрүү үчүн тонналаган таштандынын асты казылды. Азыр карьерге кирген жол жабылып, унаалар кире албагандай жана таштанды төгө албагандай кылып чекелери казылууда. Мындайга жол бергендердин баары иштен бошотулду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, дээрлик бир айдан бери Бишкектин 12-кичи району жана Көк-Жар айылдарынын ортосундагы карьерден түтүн чыгып келген. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптаган.

Пикир

Оставить комментарий