• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте манасчылардын симпозиуму өттү

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" кыз-келиндер лицейинде манасчылардын симпозиуму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбековдун демилгеси менен Свердлов районунун акимчилиги тарабынан Свердлов райондук билим берүү борбору менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чарада Свердлов районунун мектептеринин окуучулары жана бала бакчалардын тарбиялануучулары "Манас" эпосунан театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүшүп, "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Свердлов районунун башчысы бардык уюштуруучуларга, катышуучуларга ыраазычылык билдирип, өзгөчөлөнгөн мугалимдерге муниципалдык администрациянын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий