• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз аракеттер, мүлк талашы. Башкы прокурор Зулушев жарандардын көйгөйүн укту

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бир катар жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-январда Зулушев тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчиликтери менен биргеликте тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, кызмат өтөө учурундагы аскер кызматкеринин өлүмү туурасындагы факты боюнча, соттук иштердин негизсиз создуктурууларына, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн айланасындагы талаштар боюнча талаптары менен жыйырмага жакын жаранды кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө башкы прокурор прокурорлордон жарандардын талаптарын карап чыгып, мыйзам чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алууну талап кылды.

Аталган багыт боюнча жумуш улантылат.

Пикир

Оставить комментарий