• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Европадан кезектеги туристтик поезд келди

Коом 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Бишкекке бүгүн Европадан туристтер менен туристтик поезд келди, деп билдирет "Кыргыз темир жолу" УК” МИнын маалымат кызматы.

Бул турпоезддин үчүнчү каттамы, 2022-жылы сентябрда жана быйыл апрель айында ушундай эле туристтик поезд коноктор менен Кыргызстанга келген.

Чет элдик конокторду ишкананын кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты. Алар кереметтүү Ысык-Көлгө барып, тарыхый-маданий мурастары менен таанышып келишти.

"Кыргыз темир жолу" туристтердин каалоосун эске алуу менен турпоездге ишкананын "Люкс" вагонун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берди.

Жалпысынан Европадан 80ге жакын турист келишти. Бүгүн алар Бишкек шаарын кыдырып, андан соң "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында быйыл "Кыргыз темир жолу" ишканасында бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен VIP вагон жасалып, Бишкек-Балыкчы-Бишкек каттамына колдонууга берилген.

Вагондун ички жасалгасы улуттук стилдеги арнаменттер менен кооздолгон. Ошондой эле жүргүнчүлөрдун ыңгайлуулугу үчүн вагондун ичинде жаздыктар, пардалар жана жумшак дивандар жайгаштырылган. Мындан сыртакары «Вип» классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Мындан тышкары, суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч бар.

Көлөмдүү панорамалык терезелер жүргүнчүлөргө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин сүрөткө жана видеого тартууга ыңгайлуу шарт түзөт. Ал эми Боом капчыгайы өзүнүн кооздугу менен бардык саякатчыларды суктандырып, биздин жарандарды жана чет элдик туристтерди кубандырат.

Пикир

Оставить комментарий