• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин чек ара аймактарында милиция алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Баткен районунунда милициянын көчмө кабылдамасы чек ара аймактарында иш алып барууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылдык милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен чек аралаш аймактардагы Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Ак-Татыр айылдарында жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Көчмө кабылдама жергиликтүү тургундарга сервистик тейлөө көрсөтүү менен бирге жарандардын көйгөйлөрүн чечүү максатында уюштурулуп, тургундарга уурулуктун, алдамчылыктын, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында профилактикалык алдын алуу иштерин өткөрдү. Ошондой эле бул аймактарда жайгашкан мектептерге барып мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында алдын алуу иштерин жүргүздү.

Алдын алуу иштеринин жүрүшүндө КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 жаранга протокол толтурулду, 12 жаран милициянын көчмө кабылдамасына кайрылып, жол коопсуздугу боюнча бир маселе жеринде чечилди.

Пикир

Оставить комментарий