• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар арасында аскерге чейинки даярдык боюнча спартакиада өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 10-11-класстын окуучулары арасында аскерге чейинки даярдык боюнча 8-республикалык спартакиадасынын облустук туру башталды.

Мэриядан билдиришкендей, спартакидада Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген 11 команда күч сынашууда. Алардын арасында Жалал-Абад шаарындагы №10 Т.Кошматов мектебинен “Тайманбас” командасы да бар.

Сынакта командалар аскердик саптык даярдык, граната ыргытуу, автоматты толук эмес чачуу жана жыйноо, турникке тартынуу, 1 чакырым аралыкка чуркоо боюнча күч сынашат.

Облустук турда жеңүүчү аталган команда, республикалык турга катышууга жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий