• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Бишкектеги №1 мектепте орун алган окуяны катуу сынга алды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагын реформалоонун, анын ичинде мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Жапаров коомдо нааразылык жараткан борбор калаадагы №1 интернат-гимназияда болуп өткөн окуяларды катуу сынга алып, мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбестигин белгиледи.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана президенттик администрациянын кызматкерлери катышты.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, күн мурун, 17-апрелде интернет желесине №1 гимназия-интернатынын мугалимдер жамааты жана мектеп окуучулары жаңы директорго каршы митингге чыкканы тартылган видео тараган.

Бишкек мэриясы окуя боюнча комментарий берип, төмөнкүлөрдү билдирген:

Мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча мугалимдер, Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде Билим берүү башкармалыгы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда тамак-аш уюштурууда одоно мыйзам бузуулар, кадрдык жана уюштуруучулук иштерге бирдиктүү иштин жоктугу аныкталган. Жыйынтыгында шаардык мектеп-интернаттарда балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан колдоонун бирдиктүү формасын түзүү жана башка шарттарды түзүү максатында №1 мектеп-интернатын №71 мектепке кошуу жолу менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынды. Анын аталышы “Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси” деп өзгөрөт.

Мэрия №1 мектеп-интернатын мугалимдери менен буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келгендигин жана бүгүнкү күндө алардын жашаган жери, ээлеген кызмат ордун эске алуу менен башка мектептерге иштөө сунушталып жатканын кошумчалады.

“Аталган мектептин мурдагы директору Матканова Н.С. бир нече одоно бузуулары үчүн Эмгек кодексинин №83 беренеси боюнча кызматтан алынган. Мындан тышкары, ал өзүм билемдик менен интернаттын аймагындагы имаратты басып алган, ал жерден аларды күч менен чыгарууга туура келген. Ошондой эле ал документтерин, иш бөлмөсүн тапшыруудан баш тартып, убактылуу директордун милдетин аткаруучунун ишине тоскоолдуктарды жараткан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий