• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда милициянын көчмө кабылдамасы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен өзүнүн түзүлгөн графигинин негизинде аймактарда күн сайын эскертүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан район аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоодо, COVID-19 илдетин алдын алууда жана аны жайылып кетүүсүн, ошондой эле сууга чөгүү фактыларын болтурбоо жана алдын алуу максатында алгылыктуу иштер жүрүүдө.

Район аймагындагы эл көп топтолуучу жайларга жергиликтүү милиция бөлүмүнүн атайын эскертме кагаздары чыгарылып, керектүү жайларга чапталып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Уч-Коргон айылдык АМБнун кызматкерлери жана айыл өкмөт кызматкерлери менен милициянын көчмө кабылдамасы менен биргеликте этникалык жана диний конфликтердин алдын алуу боюнча соода-сатык жайларда, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий